Бишкектеги курьерлер 60 миң сомго чейин айлык алат

27.03.2024, 17:00 Акчабар
Бишкектеги курьерлер 60 миң сомго чейин айлык алат

2024-жылдын январь-февраль айларында почта жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрдөн 188,5 млн сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

2023-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу киреше 65,3%га азайган. “Акчабар” курьерлер канча айлык аларына кызыкты. 

“Headhunter” вакансиялар сайтынын маалыматына ылайык, курьер болуп иштөө боюнча 50дөн ашык сунуштар бар. Алардын дээрлик бардыгы ийкемдүү жумуш убактысын сунуштайт. Кечинде иштегендер көбүрөөк акча таба алат.  

"Компаниялардын негизги талабы - негизги магистралдарды жана көчөлөрдү жакшы билүү, кардарлар менен баарлаша билүү, орус жана кыргыз тилдерин жана телефонго орнотулган компаниянын тиркемесин колдоно билүү керек", - деп айтылат маалыматта. 

Курьерлер жумасына беш күн иштеп, эки күн эс алса 25 миң сом (9:00дон 18:00гө чейин) айлык алышат. Ал эми күн сайын (эс алуусуз) эксклюзивдүү жөнөтүүлөрдү жеткирген курьерге 44 миң сом айлык төлөнөт. Бирок, күнү бою иштөөдө ар кандай товарды, көбүнчө тиричилик буюмдарын жеткирүү керек. Жеке унаасы бар айдоочу 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин айлык алат. Эгер унаанын керектөөсү 10 литрге чейин болсо, компания бензиндин чыгымын өзү төлөп берүүгө даяр. 

Тэги: курьер маяна почта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу