Швейцария өкмөтү “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоорунун алкагында Бишкектеги 5 жогорку окуу жайга 2 млн. сомдон ашык каражат бөлдү.
Программанын негизги максаты – студенттердин ден соолугун чыңдоо жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу. Студенттер арасында сергек жүрүм-турумду жайылтуу.
Университеттердин арасында чакан гранттар программасы 2022-жылдын октябрь айында жарыяланып, грант алууга 14 университет арыз берген.
Грант алган жогорку окуу жайлар:
- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - окуу жайдын кампусунда спорт аянтчасын орнотуу;
- Эл аралык Кувейт университети – спорт аянтчасын жана сырткы машыгуучу тренажерлорду орнотуу, машыгуу залына спорттук жабдууларды сатып алуу;
- Адам университети – студенттердин спорт менен машыгуусун колдоо максатында, окуу жайдын спорт залын жабдуу;
- Эл аралык "Ала-Тоо" университети – физикалык активдүүлүктү жогорулатууга түрткү берүү максатында, окуу жайдын спорт залын жабдуу;
- М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети - аралаш йога, фитнес-хореография, стол үстүндөгү спорт боюнча зонаны уюштуруу. Студенттерди пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында “Фито-чай-салат бар” ачылышы.