Бишкекте "Яр-Марка" супермаркетине текчелердеги жана чектеги товарлардын баалары дал келбегендиги үчүн 5 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук даттануу арызы кардардан келип түшкөн. Анда текчедеги көрсөтүлгөн нарк дүкөндүн кассасындагы баага туура келбей турганы жазылган.
“Даттануунун негизинде “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын нормаларын бузуулар аныкталып, “Яр-Марка” ЖЧКсына карата укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, “Яр-Марка” соода үйү ЖЧКсына мыйзам бузууну четтетүү боюнча жазуу түрүндө буйрук жөнөтүлгөн.