«Бишкекжарык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш козголду

14.02.2022, 11:35 Акчабар
«Бишкекжарык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш козголду

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Факт боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 

 

Тэги: кылмыш Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу