Жалал-Абадда ишкер 45 миллион сомго салык жашырган

17.12.2020, 10:23 Акчабар
Жалал-Абадда ишкер 45 миллион сомго салык жашырган

Жалал-Абад облусундагы Каржы полициясы мамлекеттик бюджетке салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 45 миллион сомго бааланган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Салык төлөөдөн качуу фактыларын ачууга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө компаниялардын бири өзүнүн чыныгы кирешесин мамлекеттен жашырып жүргөндүгү аныкталды. Маалым болгондой, ЖЧК мамлекеттик органдарга салык отчетторун толук тапшырбай жатып, ири көлөмдөгү товарларды сатып алган жана саткан.

"Мамлекеттик бюджетке каражаттын ордун толтуруу жана бул компанияны калкалоого катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти Каржы полициясы.

 

Тэги: налоги сокрытие налогов бюджет ущерб деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу