Кыргызстандын бизнесине фондулук рынокто акча тартуунун артыкчылыктары тууралуу айтылды

17.12.2021, 12:14 Акчабар
Кыргызстандын бизнесине фондулук рынокто акча тартуунун артыкчылыктары тууралуу айтылды

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) USAIDдин Ишкердикти жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү долбоору менен биргеликте “Кыргызстандын фондулук рыногуна инвестицияларды тартуу” темасында биринчи онлайн вебинар өткөрдү.

Ага Кыргызстандын бизнес-ассоциацияларынын 30дан ашык өкүлдөрү катышып, алар өлкөнүн фондулук рыногунда колдонулуп жаткан финансылык инструменттер жөнүндө пайдалуу маалымат алышты.

“Сиз өз каражатыңызды компанияга салып же коммерциялык банктан насыя ала аласыз, бирок кээ бир учурларда акцияларды же облигацияларды чыгаруу пайдалуураак. Акцияларды чыгаруу менен сиз инвесторлорго компанияңыздагы үлүшүн жана пайдадан дивиденддерди сунуштайсыз. Сиз облигацияларды чыгаруу менен инвесторлордон карыз алып, анын ордуна пайыздарды төлөйсүз”, - деди КФБнын президенти Медет Назаралиев.

Анын сөзүнө караганда, биржага түрдүү бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү чыга алат: дүкөндөр, кафе-ресторандар, өндүрүш ишканалары, каржы жана IT-компаниялар. Кыргыз фондулук биржасы кызматташууга ачык жана компаниялардын фондулук рынокко чыгуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Назаралиев белгилегендей, фондулук рынок аркылуу инвестиция тартуу насыяга караганда арзаныраак болушу мүмкүн. Ошондой эле, аталган фондун жетекчиси өзүнчө каржылык инструментти “жашыл” облигациялар деп белгиледи. Бул абдан түшүнүктүү, бүгүнкү күндө көптөгөн эл аралык фонддор жана уюмдар климатка жана айлана-чөйрөгө пайдалуу долбоорлорго инвестиция салуу каалоосун билдиришүүдө. Алар үчүн инвестициялоо аркылуу дүйнөнү жакшыраак кылууга жардам берерине ишенүү маанилүү. Кыргызстандык компаниялар бул инструментти пайдаланып, жашыл облигацияларды чыгаруу аркылуу инвестиция тартууну баштай алышат жана ошону менен Кыргызстанда жашыл экономиканын өнүгүшүнө пайдубал түзө алышат.

“Биржа рыногу ата мекендик бизнес жана инвесторлор арасында анчалык популярдуу боло электигине карабастан, бул жагдай фонддун жетекчилигинин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын, ошондой эле өнөктөштөрдүн жигердүү ишинин аркасында, жашыл каржылоону өнүктүрүүгө көңүл бура турган өнүктүрүү институттары тарабынан жакында өзгөрөт деп терең ишенем”, - деди USAIDдин Ишкердикти жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү долбоорунун директору Нурадил Райымбеков.

Ал кошумчалагандай, жакынкы келечекте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары өлкө үчүн ислам каржылоо принциптерине ылайык жаңы каржы инструменти “сукукту” ишке киргизүүнү пландаштырууда, бул, албетте, өлкөдө кичи жана орто бизнестин чоң кызыгуусун жаратышы керек.

“Жалпысынан, USAIDдин ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоору кичи жана орто ишканаларды баалуу кагаздар рыногунун артыкчылыктары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле баалуу кагаздарды потенциалдуу эмитенттерге эмиссияга даярдык көрүү чараларынын комплексинен өтүү үчүн техникалык колдоо көрсөтүү боюнча ишин улантат. Биз реалдуу сектордун компанияларына мүмкүн болушунча биржага чыгууга жардам бергибиз келет”, - деп кошумчалады Нурадил Райымбеков.

Өткөрүлгөн вебинар тараптардын кезектеги мүнөзгө ээ боло турган пландаштырылган маалыматтык иш-чараларынын сериясынын биринчиси болуп саналат. Кийинки жолугушуу оффлайн режиминде өткөрүлөт жана КФБ өткөрүлүүчү маалыматтык жолугушуулардын географиясы кеңейип, ошону менен фонд рыногу жөнүндө билим өлкөнүн бардык бизнес секторун камтыйт деген ишеним айтылды. 

Тэги: бизнес фондовый рынок Кыргызстан альтернатива кредитам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу