Мамлекеттик салык кызматы 2019-2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуунун жыйынтыгында 15 миң 478 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларациясын тапшырбаганын аныктады. Анын ичинен 2019-жылдын аягында 9 миң 403, 2020-жылдын аягында 6 миң 75 декларация тапшырылган эмес.
Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен 1-апрелден кийин 1 миң 496 декларация берилген.
"Жалпысынан ушул жылдын 13-декабрына карата 2020-жылга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеген адамдардан 58 миң 437, 2019-жылга 54 миң 339 декларация түшкөн. Бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 103 717 декларациясы иштелип чыгып, талдоо жүргүзүлдү", - деп айтылат салык кызматынын маалыматында.
Кошумчалай кетсек, мекеменин сайтында 6,2 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлкү боюнча жыйынды маалыматтар жарыялан.