Кыргызстанда 2024-жылдын 1-мартына карата “Чакан, кичи жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” долбоорунун алкагында 6 млрд 249 млн 25 миң 918 сом бөлүндү. Бул каражаттар республика боюнча 9 миң 288 ишкерге пайызсыз насыя түрүндө бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Насыялар эки категорияга бөлүнөт:
Биринчи категория боюнча (1 млн сомго чейин насыя) 8 миң 110 ишкер жалпы суммасы 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сомду түзгөн колдоо алган.
Экинчи категория боюнча (3 млн сомго чейин насыя) 1 миң 178 ишкерге 1 млрд 777 млн 38 миң 675 сомдук жардам көрсөтүлгөн.
Кыргызстандын бүт аймагын камтыган долбоор 2027-жылдын июль айына чейин уланат жана өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берүү, оор мезгилде каржылык колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.