Айыл чарба продукциялары көбүнэсе Чүй облусунан экспорттолот

20.06.2023, 12:29 Акчабар
Айыл чарба продукциялары көбүнэсе Чүй облусунан экспорттолот

Ушул жылдын 9-15-июнь аралыгында Кыргызстандан 13 миң 875 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул көлөмдүн жарымынан көбү Чүй облусуна туура келет. Мындай маалыматтар Айыл чарба министрлигинин сайтында берилген.

Алсак, Чүй облусунан 8876 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Ош облусунан 3960 тонна, Талас облусунан 810 тонна, Жалал-Абад облусунан 141,3 тонна, Баткен облусунан 87 тонна экспорттолгон.

Бул мезгилде Кыргызстандын айыл чарба продукциялары Россия, Казакстан, Польша, Украина, Кытай, Сербия, Иран, Болгария, Түркия, Грузия, Өзбекстанга жөнөтүлгөнүн кошумчалайбыз.

Тэги: новости Кыргызстана экспорт импорт и экспорт КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу