Бишкектин бюджети эң көп билим берүү жана коммуналдык кызматтарга кетет

21.07.2023, 09:34 Акчабар
Бишкектин бюджети эң көп билим берүү жана коммуналдык кызматтарга кетет

Бишкек шаарынын 2023-жылга чыгашасы 22 млрд 869,6 млн сом өлчөмүндө пландаштырылган. Бул тууралуу борбордун быйылкы жылга бекитилген бюджеттик маалыматында көрсөтүлгөн. 

Ага ылайык, анын 11,6 млрд сому шаардык бюджеттин, 3 млрд сому Ленин, 2,9 млрд сому Октябрь, 2,6 млрд сому Биринчи май жана Свердлов райондорунун чыгашалары болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, билим берүү (7,6 млрд сом), турак-жай коммуналдык чарба (5,9 млрд сом) жана транспорт (5,2 млрд сом) Бишкектин бюджетинин көпчүлүк бөлүгүнө жумшалмакчы. Жалпы багыттагы калкты тейлөөгө бир миллиард сомдон бир аз ашык каражат бөлүнгөн.

Тэги: новости Кыргызстана бюджет деньги Бишкек расходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу