Боронов: 80 айыл конушун таза суу менен камсыздоо милдеттери алдыбызда турат

22.06.2020, 10:40 Акчабар
Боронов: 80 айыл конушун таза суу менен камсыздоо милдеттери алдыбызда турат

Премьер-министр Кубатбек Боронов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

 

Өкмөт башчынын айтымында, учурда жаңы жерлер өздөштүрүлүп, сугат жерлерди суу менен камсыз кылууда жана калкка таза суу жеткирүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. 

 

«2017-2026-жылдары иригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 2020-жылы 1700 га жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү, 17562 га сугат жерлердин сууга болгон муктаждыктарын жогорулатуу жана 3600 га жердин мелиоративдик абалын жакшыртуу, 80 айыл конушун таза суу менен камсыздоо милдеттери алдыбызда турат», — деп жазылат билдирүүдө. 

Боронов кошумчалап кеткендей,  2024-жылга чейинки мөөнөттө ирригация жана таза суу багытындагы программалардын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен республикалык айыл аймактарында жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү менен 110 миң жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Ошондой эле  715 айылдын таза суу менен камсыздалышын 68,9 пайыздан 90 пайызга чейин көбөйтүү аркылуу калкыбыздын, жашоо шарттарынын жакшырышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. 


 

Тэги: премьер-министр КР орошаемые земли задачи правительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу