Бүгүн Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакка техникалар тапшырылды. Бактын кызматкерлерине жалпы суммасы 1 млн 620 миң 700 сомду түзгөн 39 даана атайын техникалар берилди.
Жабдуулар 2023-жылдын сентябрь айында өткөн “Snow Leopard Run” кайрымдуулук жарым марафонунун катышуучуларынын салымдарынан чогулган каражатка алынды. Алар мотоблок, автономдуу суу менен камсыз кылуучу станциялар, генераторлор, өсүмдүктөрдү бутоо, дөңсөөлөрдү тегиздөө үчүн шаймандар жана башка көптөгөн буюмдар.
Белгилеп кетсек, ботаникалык бакка кам көрүүгө акча чогултуу демилгесин “Башта” медиа платформасы уюштурган.