Британ премьер-министринин атасы туристтерди Кыргызстанга эс алуууга чакырды

26.02.2020, 13:30 Акчабар
Британ премьер-министринин атасы туристтерди Кыргызстанга эс алуууга чакырды

Британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырыгы менен премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон «Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазды. 

Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берип, британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга турист тартууга көмөктөшүүгө чакырды.

«Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасы Лондон шаарында өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган.

Стенли Жонсон 80 жашта, Европарламенттин мурдакы депутаты, учурда коомдук ишмер жана жазуучу.

 

 

Тэги: Британ премьер-министр турист

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу