Төрт айда 88,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

08.05.2024, 14:46 Акчабар
Төрт айда 88,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-апрель айларында 88 млрд 575,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, белгиленген план 3,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 
2023-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу жыйымдардын көрсөткүчтөрү 15 млрд 61,5 млн сомго көбөйгөн.

Анын ичинде 64 млрд 801,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 298 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 4 айына салыштырмалуу жыйымдар 11 млрд сомго көбөйгөн.

“Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 23 млрд 774,4 млн сомду түзүп, план 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,07 млрд сомго көп”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, апрель айында 23 млрд 61,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, план 970,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

 

Тэги: ГНС КР новости Кыргызстана налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу