Быйыл жалпы 2800 кыргызстандык Корея менен Британияга жумушка орношо алат

31.03.2022, 16:09 Акчабар
Быйыл жалпы 2800 кыргызстандык Корея менен Британияга жумушка орношо алат

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын жарандарынын Түштүк Корея менен  Улуу Британия өлкөсүндө жумуштарга орноштуруу үчүн жалпы 2 миң 800 квота бөлүндү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, жеке агенттиктер Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштуруу үчүн 20 өлкөгө жиберет. Кыргызстан Орто Азияда өлкөлөрү арасында бул багыттагы жеке агенттиктерге эң көп мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан өлкөгө кирет. Бирок алардын ичинде Түштүк Корея менен Улуу Британияга жумушка орноштуруу менен алектенген бир дагы агенттикке уруксат кагаз берилген эмес.

“2007-жылы Түштүк Корея менен түзүлгөн келишимге ылайык, кыргызстандыктар 4 жыл 10 ай Кореяга барып иштеп келет. Бул жылдардын аралыгында 5 миңден ашуун кыргызстандык Кореяга барып келди. Жумушка орноштуруу программасы азыр дагы уланууда. Тагыраагы, буга чейин 1 миң адамга квота берилип келсе, быйыл 1 миң 800 адамга квота бөлүндү”, - деди Акматов.

Ошондой эле кыргызстандыктар Улуу Британия өлкөсүндө айыл чарба багытындагы жумуштарга иштөөсү үчүн 1 миң квота бөлүнгөнүн белгиледи.

“16-мартта Кыргызстан Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлдү. Ага ылайык, жарандар алты айга чейин айыл чарба жумуштарына орношконго мүмкүнчүлүк алды. Бул Улуу Британиянын мамлекеттик программасы болуп эсептелинет”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча 118 жеке агенттик иштейт.

Тэги: Түштүк Корея Улуу Британия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу