"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому быйыл бир нече аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Бул тууралуу "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында Башкармалыктын төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта төмөндөгү объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга сынак жарыяланган:
"Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы "Каракол" аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана "Каракол" менен "Баткен" аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле, "Ош" эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу жана "Нарын" аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу маселеси каралууда", - деди ал.