Айыл чарба министрлиги жалпысынан 9,7 млрд сомго 4846 даана техниканы лизинг келишими аркылуу дыйкандарга берген. Быйыл 414,4 млн сомго 87 техника берилди. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.
Белгилей кетсек, 2022-жылы 3 млрд сомго 983 техника берилген.
“Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизинг берүүдө”, - деп айтылат маалыматта.