Үстүбүздөгү жылы “Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбооруна 26 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымына караганда, “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 26 млрд сом 6%дык чен менен айыл чарбасына насыя катары берилет.
“Ошондой эле 1,5 млрд сомго үрөн алдырып, жеңилдетилген насыя катары берип жатабыз. Ал эми 1 млрд сомду ирригация тармагына бөлдүк”, – деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жыйында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын угууда.