Быйыл электр энергиясы 1,9 млрд кВтка тартыш болушу мүмкүн

17.01.2023, 12:33 Акчабар
Быйыл электр энергиясы 1,9 млрд кВтка тартыш болушу мүмкүн

Былтыр жылытуу мезгилинде өлкөнүн электр энергиясына болгон керектөөсү 15,9 млрд кВтс түзсө, быйыл ал 16,6 млрд кВтс түзөөрү күтүлүдө. Ортодогу тартыштык, 1,9 млрд кВтс болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевга шилтеме берүү менен билдирди. 

Анын айтымында тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнистандан 2,0 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн.

“Көмөкчордондордун электр жабдуулары ашыкча жүктөө менен иштеп жаткандыгына байланыштуу электр энергиясын керектөөчүлөрүн керектөө режимдерин сактоого жана рационалдуу пайдаланууга чакырам”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.  

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,6 млрд кубометрди түзөт. 

“Акыркы күндөрү өлкөдө температуранын төмөндөшү менен электр энергиясын керектөөнүн эң рекорддук мааниси белгиленди, ал 76 млн кВтс түздү. Электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшү менен бирге Токтогул суу сактагычында эң жогорку деңгээлде суу чыгымдалды”, - деп кошумчалады Төрөбаев.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу