Быйыл өкмөт кеминде 250 миң жумушчу орун түзүүнү пландоодо

12.01.2024, 09:27 Акчабар
Быйыл өкмөт кеминде 250 миң жумушчу орун түзүүнү пландоодо

2024-жылы кеминде 250 миң жумушчу орун түзүүнү пландоодо. Бул Министрлер кабинетинин 2024-жылга карата эң маанилүү милдеттеринин бири. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйындагы жумушчу орундарды түзүү маселелерин талкуулоо учурунда билдирди.

Жумуш орундарын түзүү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болот.

“Жаңы өндүрүштөрдү түзүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жаңы тоо-кен долбоорлорун ачуу, темир жол жана ири гидроэнергетикалык объектилердин курулушун баштоо 2024-жылга белгиленген тапшырмаларды жана максаттарды ишке ашырууну тездетет. Жакынкы арада быйыл ишке кирүүгө тийиш болгон жүз ири өнөр жай объектисинин тизмеси бекитилет”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, ал учурда курулуш жана тигүү тармагында квалификациялуу жумушчу күчүнүн кескин жетишсиздигин кошумчалады.

“Көптөгөн тигүү ишканалары чет элдик жумушчу күчүн тартат жана тартууга аргасыз, ошол эле учурда биздин жарандар өлкөнүн сыртында эмгек миграциясында жүрүшөт. Ошондуктан, маселелердин бул кеңири чөйрөсү бардык мамлекеттик органдар үчүн приоритеттүү болушу керек”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Отурумдун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, Улуттук статистикалык комитетке республикадагы жумушсуздуктун деңгээлин эсептөө методологиясын кайра карап чыгуу, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу механизмин сунуштоо жана 2024-жылга жумуш орундарын түзүү боюнча жол картасын даярдоо тапшырмасы берилди.

 

Тэги: жумушсуздук жумушчу орун КР Өкмөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу