Ушул жылы фитир-садака жыйноодо өлкө боюнча 53 млн. 824 миң 441 сом топтолду. Бул боюнча БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов билдирди.
Маалыматка ылайык, фитир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн. 247 миң 328 сом фитир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.