Быйыл Төө-Ашуудагы туннель оңдолот

04.05.2023, 17:42 Акчабар
Быйыл Төө-Ашуудагы туннель оңдолот

Төө-Ашуу ашуусундагы Кусеин Көлбаев туннели быйыл оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев “Фейсбуктагы” расмий баракчасына жазды.  

Анын айтымында, туннелди оңдоо боюнча көптөгөн суроолор жаралууда. 

“Туннел жайгашкан аймакта учурда суук болуп, жылыгандан кийин оңдоо иштери башталаары баарыбызга маалым. Оңдоо иштерин жүргүзө турган болсок, сапаттуу бүтүрөбүз. Антпесе кайра эле кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Туннелден унаалардын көп агымы өтөт, ошондуктан мен оңдоо иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасап, аны жогорку деңгээлде жүргүзүүнү тапшырдым”, - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, аталган туннелдин жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзөт.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу