Мыйзамсыз 1,5 млн сомдук зер буюмдарды алып өтүү фактысы аныкталды

30.04.2024, 15:44 Акчабар
Мыйзамсыз 1,5 млн сомдук зер буюмдарды алып өтүү фактысы аныкталды

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери дээрлик 1,5 млн сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүнү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. 

Ош аэропортунан 51 жаштагы кыргызстандык жаран А.М.Л. товарларды бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалды. Ал чек арадан зер буюмдар: шакек, чынжыр, сөйкө жана билерикти алып өтүүгө аракет кылган. 

Зер буюмдардын орточо базар баасы 1 млн 482 миң 978 сомду түздү.

Тийиштүү материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Тэги: мыйзамсыз зер буюмдар Аткезчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу