Кыргызстандын бир жаранына быйылкы ажылык сапардын баасы 3,9 миң долларды түзөт. Ошондой эле кызматтардын VIP пакети – 5 миң доллар. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Бүгүн Ош аэропортунан ажылардын акыркы тобу Меккеге учуп кетти.
Муфтияттан билдиришкендей, бул ажылык сапарда 60 кыргызстандык бар. Быйыл Кыргызстан үчүн биринчи жолу ажылыкка 6 миң квота бөлүндү.