Былтыр 2022-жылы Казакстандан АКШга экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 32,1%га өсүп, 1,2 млрд долларды түзгөн. Ал эми импорт 40,5%га жогорулап, 1,9 млрд доллар болгон. Бул тууралуу "КазТаг" маалымат агенттиги “Соода саясатын өнүктүрүү борбору” АКсы “QazTrade” таянып жазды.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы тогуз айда Казакстандан Америка Кошмо Штаттарына 36 миллиард доллардан ашык түз чет элдик инвестиция салынган.
“2022-жылдын январь-сентябрь айларында Казакстандан АКШга түз инвестициялардын дүң агып чыгышы 36,1 млрд доллар (+73,5%)”, - деп айтылат маалыматта.
Документке ылайык, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында АКШдан Казакстанга түз чет элдик инвестициялардын дүң агымы 5 миллиард долларды түзгөн.
Казакстандын АКШга негизги экспорттук товарлары: чийки мунай - 558,1 млн доллар (48,4% үлүшү менен), ферросплав - 435,8 млн доллар (37,8%), суутек, инерттүү газдар жана башка металл эместер - 28 млн доллар (2,4%), кара металлдардан жасалган түтүктөр - 22,8 млн доллар (2%), тантал жана андан жасалган буюмдар - 22,5 млн доллар (2%), күкүрт - 21 млн доллар (1,8%), уран - 9,7 млн доллар (0,84%), чийки зат коргошун - 8,6 млн доллар (0,74%), буудай глютени - 7,2 млн доллар (0,62%).
Быйыл 1-январга карата америкалык юридикалык жактардын катышуусу менен Казакстанда 688 компания иштейт, анын 666сы чакан ишканалар.