Былтыр өкмөт бюджеттен 611,4 млн сом чыгымдады

18.01.2024, 17:55 Акчабар
Былтыр өкмөт бюджеттен 611,4 млн сом чыгымдады

2023-жылы өкмөт бюджеттен 611 млн 438 миң сом чыгыша кылган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Бул каражаттын басымдуу бөлүгү президенттик аппараттын кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалган. Ага 450 млн 371 миң сом сарпталган. Кызматкерлердин кызматтык иш сапарларына кеткен чыгымдар 93 млн сомдон, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 6 млн сомдон ашкан. 

Коомдук ишмердүүлүк боюнча эң көп чыгым тамак-аш азыктарын сатып алууга кеткен – 6,9 млн сом, ал эми президенттик аппараттын кызматкерлери 3,2 млн сомду техника жана жабдууларга жумшашкан. Ошондой эле, чарбалык керектөөлөр үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 2,3 млн сом жумшалган.

Президенттик аппарат калкка социалдык жардам көрсөтүү үчүн болгону 760,1 миң сом төлөгөн.

 

Тэги: КР Өкмөтү чыгаша Бюджеттик чыгаша Министрлер кабинети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу