Былтыр Кыргызстандын ИДПнын реалдуу өсүшү 103,6%ды түздү

26.02.2022, 12:10 Акчабар
Былтыр Кыргызстандын ИДПнын реалдуу өсүшү 103,6%ды түздү

Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы ички дүн продукциянын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетишүү болду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, ушундай эле көрүнүш тейлөө чөйрөсүндө жана өнөр жай тармактарында болду.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча, 2021-жылга карата ИДПнын көлөмү 723,1 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 103,6%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды (2020-жылы - 91,1%) түздү. ИДПнын дефлятору 116% деңгээлинде болду.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 5,0 %га, курулушта – 4,8 %га төмөндөгөн, ал эми өнөр жайда – 7,2 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,5 %га өскөн.

"Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түздү", - деди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу