Былтыркы жылы Кыргызстанга коюлтулбаган сүттү жана каймакты импорттоонун физикалык көлөмү 2,7 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстанга 4,6 миң тонна коюлтулбаган сүт жана каймак импорттолгон. Ал эми 2021-жылдын аягында аталган өнүмдүн импорту 1,7 миң тонна болгон.
Доллар менен эсептегенде импорт эки эсеге көбөйүп, 5,6 млн сомду түзгөн.
“Импорттун 84% Казакстандан, 15% Орусиядан келген. Мындан тышкары коюлтулбаган сүт жана каймак Белоруссиядан жана Ирандан да алынып келинген”, - деп айтылат маалыматта.