Былтыркыга салыштырмалуу быйыл жер семирткичтер 5-6 сомго арзандады

22.05.2023, 10:20 Акчабар
Былтыркыга салыштырмалуу быйыл жер семирткичтер 5-6 сомго арзандады

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл минералдык жер семирткичтерге болгон баалар 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, быйыл 16-майга карата өлкөгө 76,4 миң тонна минералдык жер семирткич алынып келинген.

Анын ичинен азоттук жер семирткичтер — 57,9 миң тонна, фосфор — 17,9 миң тонна жана калий — 0,6 миң тоннаны түзгөн. 

2023-жылы минералдык жер семирткичтердин баасы:

  • 1 кг аммиак селитрасы - 34-44 сом,
  • 1 кг карбамид - 42-49 сом.

2022-жылы минералдык жер семирткичтердин баасы:

  • 1 кг аммиак селитрасы - 39-50 сом,
  • 1 кг үчүн карбамид - 47-62 сом.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу