Улуттук банк 5-6-августта мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөөрү маалым болду.
Жалпысынан казына векселдеринин жана облигацияларынын эсебинен бюджетке 250 миллион сом тартуу пландалууда. Каражаттардын көбү жети жылдык мамлекеттик облигациялар аркылуу бюджетке түшүшү керек.