Мурунку Саламаттык сактоо министри бюджетке 65 млн сомго жакын зыян келтирген

18.09.2020, 11:39 Акчабар
Мурунку Саламаттык сактоо министри бюджетке 65 млн сомго жакын зыян келтирген

Мурунку Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча атайылап рентабелдүү эмес келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. 

Биринчи май райондук соттун чечимине ылайык, Космосбек Чолпонбаев эки айга чейин СИЗО-1 камагына калтырылды. 

Эске сала кетсек, ушул жылдын июль айында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине коррупция жана жеке фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын лоббилдөө боюнча факылары катталган. Тергөөдө жеке коргонуучу каражаттар тендер аркылуу өз баасынан бир топ жогору сатылып алынган факты аныкталып, Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган. 

 

 

Тэги: коронавирус Космосбек Чолпонбаев арест бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу