«Оптима Банктын» мурдагы ээси расмий түрдө ишин токтотту

24.12.2021, 14:02 Акчабар
«Оптима Банктын» мурдагы ээси расмий түрдө ишин токтотту

First Heartland Jusan Bank АК Казакстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "АТФБанк" АКсынын (Жусан Банкынын туунду банкы) биринчи жана экинчи облигациялык программаларын жокко чыгарганын билдирди. Бул тууралуу маалымат Казакстандын фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Jusan Bank менен "АТФБанктын" акционери Галимжан Есенов акыркысынын 99,76% акциясын сатып алуу боюнча алдын ала келишимге кол коюшкан. Келишим Мамлекеттик агенттик тарабынан жактырылды. Ал эми баалуу кагаздарды өткөрүү процесси башталды.

Муну менен "АТФБанкты" сатып алуунун натыйжасында Кыргызстандын аймагында иш алып барган "Оптима Банк" башкы компаниясы Jusan Bank менчигине өттү.

"Оптима Банктын" акционерлеринин реестринде акциялардын 5 жана андан көп пайызына ээ болгон баалуу кагаздардын ээси өзгөрдү, тактап айтканда, "АТФБанк" ААКсы FHJB ААКсына алмаштырылды. Ошол эле учурда, кайра уюштуруу банктын уставдык капиталындагы үлүшүнүн өзгөрүшүнө алып келген эмес. FHJB банктын 97,142295% акциясына (20,4 млн баалуу кагаз) ээлик кылат, бул 1 млрд 20 млн сомду түзөт", - деп билдирди "Оптима Банктагылар".

"АТФБанктын" мурдагы ээси Галимжан Есенов Jusan Bankтын ири үлүшүн сатып алды. Эми ага ээлик кылат (банктын баалуу кагаздарынын 19,67%).

Тэги: АТФ Банк Оптима Банк KASE Кыргызстан Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу