Улуттук банк тарабынан белгиленген алтындын унцийинин кайра сатып алуу баасы 4-июлга карата 148 миң 580 сомду түздү. Алтындын унций баасы өткөн жылдын апрелинен бери биринчи жолу 150 миң сомдон төмөн түштү.
Ошентип, жума күндөн тартып кайра сатып алуу баасы 1,04% га төмөндөдү.
Алтынды сатуунун баасы 13-июндан бери өзгөргөн жок жана 182 миң 602 сомду түздү.
Баалуу металлдардын дүйнөлүк базарларында да алтындын баасынын төмөндөшү байкалууда. LBM (London Gold Fixing) соодаларында 1-июлда бир унциянын жабылуу баасы 1 797,45 долларды түздү.