Centerra Gold Inc. өлкөбүздүн экологиясына жана экономикасына эбегейсиз чоң зыян келтирди – Акылбек Жапаров

22.11.2021, 09:25 Акчабар
Centerra Gold Inc. өлкөбүздүн экологиясына жана экономикасына эбегейсиз чоң зыян келтирди – Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялардын өнүгүүсүнө байланыштуу төмөнкү билдирүү менен чыкты:

"Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң, Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине контролду жоготуу фактысын билдирүүгө аргасыз болду", - деди Жапаров.

Маалым болгондой, аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын баалуу кагаздар боюнча Комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc компаниясы тарабынан кабыл алынган.

"Биз эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектөө тууралуу кеп жүрбөгөндүгүнө күбө болот деп эсептейбиз. Министрлер Кабинети мыйзам үстөмдүгүн жана Кыргыз Республикасынын элинин улуттук кызыкчылыгын активдүү жактоону улантат", - деди ал.

Тэги: Центерра Голд Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу