Акыркы 3 жылда камсыздандыруу компаниялары Кыргызстандын экономикасына салык жана инвестиция түрүндө 8,5 млрд. сомго жакын каражат төлөп, инвестиция кылышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында “Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы” Юридикалык жактардын ассоциациясынын президенти Бакыт Шаршеналиев билдирди.
Анын айтымында, белгилүү бир капиталды чогултуп, камсыздандыруу компаниясы аны депозитке жайгаштырат же баалуу кагаздарга инвестициялайт. Бул да өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, камсыздандыруу ишканалары көптөгөн жумуш орундарын түзүп келүүдө.
“Акыркы маалыматтар боюнча камсыздандыруу тармагында 800дөн ашык адам иштейт”, - деди ал.