Жаңы Салык кодексинде кичи ишканалар кызматкерлерди жалдоо укугунан ажыратылып, мыйзам бузуулар үчүн юридикалык жак катары айып пул төлөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жалдоо укугу бар жеке ишкерлер юридикалык жактар менен бирдей жоопкерчилик тартат. Ал эми жаңы түзөтүүлөрдө жеке жана юридикалык жактарга айып пулдун кескин жогорулашы жана айырмасы бар. Анын пикиринде, бул чакан бизнес үчүн адилетсиздик.