Кечээ, 7-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Жыйында министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы Бахтияр Алиев баяндама жасады.
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн регрессивдүү шкаласын белгилөө жолу менен 2022-жылдан 2024- жылга чейинки үч жылдык мөөнөткө жалпы кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн тарифтик чендерди төмөндөтүү сунушталууда", - деди ал.
Бахтияр Алиев мыйзам долбоору бизнес өкүлдөрүнүн пикирин эске алуу менен иштелип чыкканын кошумчалады.
Талкуудан соң, депутаттардын сунуш-ой пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.