Кытайдын «Чанг Ан» «Инвестициялык банкы» микрокредиттик уюмга айланууда. Бул тууралуу «Акчабарга» ишенимдүү маалымат булактары билдирди.
Банктын микрокредиттик уюумга айланышына, Улуттук банктын баштапкы капиталдар боюнча талаптарын аткарбагандыгы себеп болду. 2018-жылдын 1-июлунан тарта анын суммасы 600 млн сомдон жогорулаган эмес.
Былтыр 1-июлга карата «Чанг Ан» банкынын баштапкы капиталы 600 млн сом болуп, банктын мындан тышкары 102 млн 393 миң. сомдук жабылбаган карызы болгон.
Маалымат:
«Чанг Ан» «Инвестиционный банкы» ААК 2015-жылдын 7-октябыран тарта Кыргызстандын финансы рыногуна киргеен.
«Чанг Ан»«Инвестиционный банкы» ААК 2015-жылдын КР Улуттук банкынын №052 лицензиясына ээ болуп, банк операцияларын улуттук жана чет элдик валюталарда жүргүзүү укугуна ээ болгон.
2015-жылы 25 апрелде «Аманаттарды коргоо боюнча (депозиттер)» тууралуу мыйзамга ылайык «Чанг Ан»«Инвестиционный банкы» аманаттарды коргоо системасынын мүчөсү болгондуктан, катышуучу банктар реестрине кирген №26/15.
2015-жылы 1-декабрдан тарта «Чанг Ан»«Инвестиционный банкы» ААК Кыргызстандын банктар кеңешине мүчө.
Тэги: банки Чанг Ан Банк