Чарбалык ирригация тутумдарын муниципалдык менчикке өткөрүү аракети көрүлүүдө

26.02.2022, 11:38 Акчабар
Чарбалык ирригация тутумдарын муниципалдык менчикке өткөрүү аракети көрүлүүдө

Жалал-Абадда ички чарбалык ирригация тутумун жакшыртуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти

Жаңы эрежеге ылайык, ички чарбачылык ирригациялык системалар муниципалдык менчик деген статуска ээ болуш үчүн биринчиден суу пайдалануучулар чогулуш өткөрүп, анын чечимине ылайык муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн жергиликтүү кеңешке кайрылуусу керек. Айыл өкмөтү аркылуу же дароо эле жергиликтүү депутаттарга кайрылса болот. 

"Эгер жергиликтүү кеңеш кабыл алынсын деген чечим чыгарса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлктү мамлекеттик каттоо кызматында каттайт. Мында ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоого, ар кандай финансылык булактар үчүн укуктук негиздер түзүлөт. Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле башка булактардан каражат тартууга мүмкүнчүлүк жаралат", - деп айтылат маалыматта. 

Бул тартип айыл чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде сугат суу менен камсыздоо маселелерин камтыйт. Суу пайдалануу жана ирригациялык курулуштарды эксплуатациялоо эрежелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 708 чакырымга жакын ички чарбалык ирригация тутуму бар.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу