Чек арадагы 62 жеңилдик алуучу конуштардын тизмеси кеңейтилет

03.02.2022, 12:23 Акчабар
Чек арадагы 62 жеңилдик алуучу конуштардын тизмеси кеңейтилет

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баткен облусунун бүткүл аймагында атайын салыктык-инвестициялык режим иштейт, облустун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеңилдетилген жана акысыз (медициналык жана башкалар) негизде көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш түзүлүп, ал эми аймакты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Кожошев кошумчалагандай, аталган мыйзамдын алкагында министрлер кабинети 62 жеңилдетилген чек ара конуштарынын тизмесин бекитүү чечимин биринчи этапта кабыл алган. Бул тизме толук эмес, мыйзам чегинде жана бардык зарыл процедураларды сактоо менен толукталмакчы.

«Бул тизмеге Баткен районунун бардык чек ара айылдары кирбейт, анткени аларды киргизүү үчүн өзгөчө шарттар бар. Бул мыйзамдын талабы, үч шарт тең сакталышы тийиш. Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Ал эми Баткен облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө. Бардыгын дароо жасоо мүмкүн эмес, айрыкча аймакта 12 жыл ичинде түзүлгөн кырдаал анча жакшы эмес. Эң негизгиси, «муз жарылып, иш башталды», - деп белгиледи Кожошев.

Ошондой эле ал инвестициялык портфелди бөлүштүрүү жана салынган инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө кошумчалады.

«Чек ара чатактары болуп жаткан айылдарга инвестиция тартуу өтө кыйын экени жашыруун эмес. Инвестициялар башка принцип боюнча тартылат. Буга байланыштуу Баткен облусунун өзгөчө макамы чек ара тилкелеринде жайгашпаган айылдарга инвестиция тартууну билдирет. Алсак, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына инвестиция тартылып, 62 айылда салык, жер преференциялары жана башка мамлекеттик колдоо түрлөрү болот. Мында комплекстүү жана ийкемдүү мамиле талап кылынат», - деди  ал. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу