“Кепилдик фонду” ишмердүүлүгүн баштагандан бери 8 млрд 98 млн сомдон ашык суммага 8 миң 151 кепилдик берген. Фонд өнөктөш банктар менен биргеликте ишкерлерге 25 млрд 980 млн сомдон ашык суммада насыя беришти.
Эгерде сиз насыя алып жатканда кандайдыр бир сумма жетишсиз болсо, анда фонд анын бир бөлүгүн жаба алат. 2023-жылдын 11 айында облустар боюнча кепилдиктердин жалпы суммасы Жалал-Абад облусунда 131,3 млн сомду, Ош шаарында 107 млн сомду, Таласта 69 млн сомду, Баткенде 68,6 млн сомду, Нарында 55 млн сомду болсо, ал эми Ысык-Көл облусунда 36,4 млн сомду түздү.
Белгилеп кетсек, фонд жалпысынан 18 банк менен кызматташат:
Ошондой эле, жарандар кепилдикти микрофинансылык компаниялар “Салым Финанс”, “Элет- Капитал”, “АБН” жана өнүктүрүү фондунан да ала алышат.