Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан 1-мартка чейин визасыз чыгып кете алат

18.02.2022, 14:50 Акчабар
Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан 1-мартка чейин визасыз чыгып кете алат

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин Кыргызстандын аймагынан визасы жок жана каттоосуз чыгып кете алышат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-мартынан тартып аталган категориядагы жарандар тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздеши керек. Антпесе, мамлекеттин аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айып пул төлөнгөндөн жана чыгуу визасы таризделгенден кийин гана чыгуусу мүмкүн.

Мындай чечим Министрлер кабинети тарабынан чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алуу менен кабыл алынды.

Эске салсак, дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылуусуна байланыштуу 2020-жылдын 17-мартында кыргыз өкмөтү буйрук кабыл алып, ага ылайык Кыргызстандын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар өлкө аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген.

 

Тэги: виза жаран аэропорт Манас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу