Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде жалпы 45 тилкеси даярдалган. Алардын алгачкысы Бишкек убактысы боюнча бүгүн 03:00дө ачылган.
«Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы Вашингтондо 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Ошондуктан чет жердеги жарандардын шайлоого катышуусу тууралуу маалыматты, маалыматтын келиши менен берилип турат», - деди ал.
Белгилей кетсек Кыргызстанда парламенттик шайлоо бүгүн саат 08:00дө башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.