Былтыр дүйнөдө жетишсиз тамактанган адамдардын саны 258 млн. жеткен. Ал эми 2021-жылы 193 млн. адам жетишсиз тамактанууга мажбур болгон. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун сайтына жарыяланды.
Азык-түлүк кризиси боюнча глобалдык баяндамага ылайык, бул 258 млн. жетишсиз тамактанган адамдар 58 өлкөдө жана аймактарда жашашат.
“2022-жылдын ичинде жети өлкөнүн тургундары бир убакта абсолюттук ачарчылыкты жана жакырчылыкты, же курч ачарчылыктын катаал деңгээлин баштан өткөрүштү. Жетишсиз тамактангандардын жарымынан көбүн (57%) сомалиликтер түзгөн; Мындай экстремалдык жагдайлар Ооганстанда, Буркина-Фасодо, Гаитиде (өлкөнүн тарыхында биринчи жолу), Йеменде, Нигерияда жана Түштүк Суданда да болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгынын себептери, отчетко ылайык, чыр-чатактар жана экстремалдык аба ырайы, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын экономикалык кесепеттери болуп саналат.