Кыргызстанда экономиканы калыбына келтирүүнүн байкалган оң динамикасы өлкөгө акча которуулардын өсүп жаткан көлөмү менен бекемделет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Алсак, ушул жылдын январь-сентябрь айларында жеке жактардан акча которуулардын таза агымы 1,6 млрд долларга жакын деңгээлде калыптанып, 19%га өскөн.
Каралып жаткан мезгилде кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 32,31 миллион доллар которду, бул 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 17,84%га өскөн.