Президенттин Чүйдөгү өкүлү алмашты

04.04.2022, 11:31 Акчабар
Президенттин Чүйдөгү өкүлү алмашты

Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы жетекчи Нурил Алымбаевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аймактын мурдагы жетекчиси Эркин Тентишев башка ишке которулгандыгына байланыштуу кызматтан кетти.

“Чүй облусунун жаңы жетекчисинин алдында райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдар керек. Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн бардык ыйгарым укуктар берилген”, - деди Жапаров.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы түз байланышты жөнгө салуунун маанилүүлүгү белгиленди.

“Жарандардын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Кандай гана маселе болбосун бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, ыкчам жана так чечилиши тийиш. Чүй облусунун жетекчилиги жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, токтоп турган өндүрүш ишканаларынын ишин жандандыруу, облуста 18 кичи ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Тэги: Нурил Алымбаев Чүй облусунун өкүлү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу