Чүйдө арматура чыгаруучу жаңы завод ишке кирди

15.02.2022, 14:50 Акчабар
Чүйдө арматура чыгаруучу жаңы завод ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» ЖЧКсына барды.

Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын февралында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке кирген өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

 «Азия Сталь» ЖЧК биргелешкен ишканасы кыргыз ишкерлери менен индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясынын катышуусунда түзүлгөн жана РКӨФ колдоосу менен 2021-жылдын июнунда заводду модернизациялоо жана кайра жабдуу иштери башталган.

Модернизациялоонун биринчи этабында «Азия Сталь» ЖЧК кубаттуулугу айына 3 миң тоннага чейин продукцияга даярдалган индукциялык мештин базасында болот эритүүчү цехтин курулушу аяктады, ал арматура заводун чийки зат менен камсыз кылат.

Болот эритүүчү цехтин ишке киргизилиши ишкананын импорттук сырьёдон көз карандылыгын жойду жана арматуранын өздүк наркын бир кыйла арзандатты. Завод СНиПтин бардык талаптарын жана санитардык-экологиялык нормаларды сактоо менен курулган.

Модернизациялоонун экинчи этабында чет элдик инвестор —  индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясы өндүрүштүк кубаттуулугу айына 15 миң тонна продукцияга чейин жеткен меши менен болот куюучу заводун куруп, ишке киргизет. Темир эритүүчү заводдун курулушун аяктоо 2023-жылга белгиленген.

Белгилей кетсек, биринчи этапта бул заводдун ишке кириши Кыргызстандын арматурага болгон муктаждыгын 10%га чейин жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабат. Ал эми долбоордун экинчи этабында Кыргызстандын арматурага болгон муктаждыгынын 60%га чейинкисин жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабууга болот.

Арматураларды чыгаруучу заводдун ишке киргизилиши курулуш материалдарынын — арматуранын өздүк наркынын импорттук арматурага салыштырмалуу 10%га чейин төмөндөшүнө шарт түзөт. Бул багытта РКӨФ тарабынан сезилээрлик колдоо болду.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу