Акча зайымында эмнени тандоо керек: ломбардбы, банкпы же чакан насыяныбы?

16.02.2024, 09:00 Акчабар
Акча зайымында эмнени тандоо керек: ломбардбы, банкпы же чакан насыяныбы?

Жашоо ар кандай болот, кээде күтүүсүз жерден тез акча зарыл болуп калышы мүмкүн. Ошондой жагдайда аны кайдан алуу керек деген суроо  туулат? Мындайда адамдар дароо эле зайымды эстей калышат да, ломбарддарга, банктарга жана чакан насыя берүүчү компанияларга кайрылышат. Сиздерге ломбарддан, коммерциялык банктан жана чакан насыя берүүчү компаниядан (ЧНК) алган зайымдардын айырмачылыктарын талдоону сунуштайбыз. Аны менен бирге, бул уюмдардын өзгөчөлүктөрүн дагы билип алабыз.

Ломбард– бул кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу менен көп  эмес сумманы ыкчам алууга мүмкүн болгон коммерциялык уюм. Бирок, мында эске тутуучу маанилүү нерсе, ломбарддын кийинки артыкчылыктары жана кемчиликтери бар:

Артыкчылыктары:

  •  Киреше жөнүндө маалымкаттарсыз зайымдын ыкчам таризделиши.
  • Кепилдик талап кылынбайт.
  • Алуу жеткиликтүүлүгү.

Кемчиликтери:

  • Зайымдын суммасы салыштырмалуу көп эмес.
  • Күрөө үчүн баалуу мүлк болушу абзел. 
  • Күрөөгө коюлган мүлк зайымды толук төгүп бүткөнгө чейин ломбардда сакталып турат.
  • Пайыздык чен өтө эле жогору. Күнүнө 1%га чейин алынат.
  • Карыз төгүлбөй калган учурда, мүлк сатылып кетиши мүмкүн.

Чакан насыя берүүчү компания – бул атайын коммерциялык адистештирилген насыя мекемеси болуп саналган чакан насыя берүүчү мекеме. Көпчүлүк учурда алар классикалык банктык зайымдарга окшош чакан насыяларды беришет. Бирок эске сала кетсек::

     Чакан насыя берүүчү компаниянын кемчиликтери:

  • Жогорку пайыздык чендер.
  • Зайымдын кыска мөөнөтү.
  • Төлөмдү төгүүнү кечиктирген учурда катуу санкциялар. 

Артыкчылыктары:

  • Киреше жөнүндө маалымкаттарсыз зайымдын ыкчам таризделиши.
  • Кепилдик талап кылынбайт.
  • o Жадагалса насыя тарыхы начар жарандарга дагы жеткиликтүү.

Банк– калк жана мекемелер үчүн каржылык кызматтардын кеңири түрлөрүн сунуштаган каржылык уюм. Экономикалык көз караштан алып караганда, банктар эркин акча каражаттары болгондор менен кошумча ресурстарга муктаждык туйгандардын ортосунда ортомчулук милдетин аткарат. Банктан алган насыя – бул сизге узак мөөнөткө акчанын ири суммасы керек болсо, эң пайдалуу вариант болуп саналат. Келгиле, артыкчылыктары менен кемчиликтерин карап көрөлү:

Халык Банка Кыргызстандын  «Шашылыш муктаждыктарга» насыясынын артыкчылыктары:

  •  Төмөн пайыздык чендери – жылдык 22% (24, 14%дан баштаган ЖНПЧ).
  • Ири көлөмдөгү акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгү – 30 000 АКШ долларына чейин / 2 370 000 КР сомуна чейин.
  • Насыяны төгүүнүн узак мөөнөтү – 7 жылга чейин.
  • Насыяны алуу үчүнсизге документтердин минимум топтому керек, ал эми консультацияны каалаган учурда 8008 телефон номери аркылуу акысыз алса болот. 
  • Банкта насыяны тариздөөнүн дагы бир маанилүү артыкчылыгы, аны үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгүндө. Halyk тиркемесиндеги «Экспресс- онлайн-насыя» аркылуу Сиз бир-эки клик менен 200 000 сомго чейин насыя ала аласыз. Кененирээк

Кемчиликтери: 

  • киреше булактарын милдеттүү түрдө тастыктоо муктаждыгы.
  • ломбарддар менен чакан насыя берүүчү компаниялардан айырмаланып, өтүнмөнү кароо мөөнөтү узагыраак.

Зайымдарга сабаттуу мамиле кылуу  келечегиңизге доо кетирбестен, сиздин көйгөйдү чечүүгө жардам берет. Ошондуктан, зайым алардан мурун ар түрдүү ломбарддардын, банктардын жана чакан насыя берүүчү компаниялардын сунуштарын салыштырып, тыкыр изилдеп көрүңүз, жана зайымды кайтарып берүүгө күмөнүңүз бар болсо, анда албаңыз. 

Тэги: Халык Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу