COVID-19: Кыргызстан чет жерден канча сумма карыз алган?

17.08.2020, 11:20 Акчабар
COVID-19: Кыргызстан чет жерден канча сумма карыз алган?

Пандемия маалында Кыргызстан төрт эл аралык долбоордон жана эл аралык банктардан 80 млн АКШ долларга жакын ар түрдүү шарт менен насыя алган. Бул тууралуу финансы министрлигинин официалдуу сайтына маалымат чыкты. 

Азия  өнүктүрүү банкы

«COVID-19 пандемиясына карата өзгөчө кырдаал долбоору» тарабынан 20,0 млн АКШ доллары 40 жылдык мөөнөткө насыя катары берилген. Анын ичинен 10 жылы 1,0% менен жеңилдетилген шартта төлөнөт. 

Каражаттар Азия өнүктүрүү банкынын макулдугу менен жумшалат.

Ислам өнүктүрүү банкы

«COVID 19га ылайык ыкчам долбоор» боюнча  15,0 млн АКШ доллары 25 жылдык мөөнөт менен анын ичинен 7 жылы жеңилдетилген шарт менен 1.5% ченде насыя алынган.

Каражаттарга Ислам өнүктүрүү банкынын макулдугу менен сатып алуу иштери жүргүзүлөт.

Дүйнөлүк банктан – 21,15 млн  АКШ доллары алынган.

Насыяны төлөө мөөнөтү: 38 жыл, анын ичинен 6 жыл жеңилдетилген шарттын негизинде  0,75% чен менен төлөнөт.

«COVID-19 ьоюнча ыкчам долбоорунан» - 12,15 АКШ доллары ( анын ичинен 6,07 доллар – грант түрүндө, ал эми 6,07 млн доллар насыя түрүндө) берилген.

Каражаттар Дүйнөлүк банктын макулдугу менен жумшалат.

«Табигый кырсыктарга туруштук берүү» долбоорунун алкагында – 9,0 млн АКШ доллары берилген. Анын ичинен 4,5 млн доллар – грунт түрүндө, 4,5 млн доллар – насыя түрүндө берилген.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен 7,0 млн долларга келишим түзүлгөн. Анын ичинен 3.3 млн долларга керектүү каражаттар алынып, дагы калган суммага жакын  арада вируска каршы керектүү шаймандардын келүүсү күтүлүүдө.

0,05 млн долларга тендердик процедуралар жүрүп жатат.

 

Тэги: COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу