Данияр Арпачиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Данияр Арпачиев буга чейин Каракол шаарынын мэри, губернатордун аппаратынын жетекчиси, ошондой эле Ысык-Көл микрокредиттик агенттигинин директорлору болгон.